Turkish Cargo Европадагы эң мыкты аба жүк ташуучу бренди болуп тандалды
Түрк аба жолдору авиакомпаниясынын аба жүк ташуучу бренди Turkish Cargo, AirCargo News Awards 2020 сынагында Европадагы эң мыкты аба жүк ташуучу бренди болуп тандалды.
Түрк аба жолдору авиакомпаниясынын аба жүк ташуучу бренди Turkish Cargo, AirCargo News Awards 2020 сынагында Европадагы эң мыкты аба жүк ташуучу бренди болуп тандалып, «Эң мыкты жүк ташуучу авиакомпания – Европа» сыйлыгы менен сыйланды.
Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу биринчи жолу санариптик платформасында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде, 12 категорияда берилген сыйлыктар өз ээлерин тапты.
Жеңүүчүлөр сапат, инновация, эффективдүүлүк, ылдамдык, ишенимдүүлүк жана көз караш сыяктуу критерийлердин негизинде жеткирүү тармагынын эксперттери тарабынан берилген добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталды.
Дүйнөдөгү эң кенен түз жүк ташуучу учак желеси болгон авиа жүк ташуучу бренди болгон Turkish Cargo, 300дөн ашуун багыттарга жетип, анын 95и түз жүк ташуу болуп саналат жана кардарларына өзүнүн глобалдык тармагында күнү-түнү тейлөө кызматын көрсөтүүнү улантууда.
Европанын эң мыкты аба жүк ташуучу бренди болгон Turkish Cargo, 2023-жылы дүйнөдөгү эң ири 5 аба жүк ташуучу брендинин катарына кирүүнү максат кылат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.