67 миллион жылдык динозавр скелети 27,5 миллион долларга сатылды

"Stan" деп аталган T-rex (Tryannosaurus) скелети сатыкка коюлду.

1504799
67 миллион жылдык динозавр скелети 27,5 миллион долларга сатылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында өткөн аукциондо 67 миллион жылдык динозавр скелети 27,5 миллион долларга сатылды.

Нью-Йорктогу Christie's аукцион үйүндө өткөн аукциондо "Stan" деп аталган T-rex (Tryannosaurus) скелети сатыкка коюлду.

10 мүнөткө созулган жана түз көрсөтүлгөн аукциондо аты-жөнү айтылбаган кардар 67 миллион жылдык динозавр скелетин 27,5 миллион долларга сатып алды.

Скелеттин жалпы баасы салыктарды жана берки чыгымдарды кошкондо 32 миллион долларга жете турганы белгиленди.

Сатыкка чейин эң көп дегенде 8 миллион долларга сатылат деп болжолдонгон узундугу 11,27 метр болгон динозавр скелети, Түштүк Дакотадагы Блэк Хиллз геологиялык изилдөө институтуна таандык эле.



Тектеш кабарлар