Анталияга келген турист саны 2 миллиондон ашты

«Туризмдин борбор шаары» Анталияга 1 -  январь жана 13 -  сентябрдын арасында келген турист саны 2 миллион 3 946га жетти.

1491861
Анталияга келген турист саны 2 миллиондон ашты

 «Туризмдин борбор шаары» Анталияга 1 -  январь жана 13 -  сентябрдын арасында келген турист саны 2 миллион 3 946га жетти.

Июль айынан тарта туризм кыймылдуулугу башталган Анталияда маданият жана туризм министрлигинин координациясында эпидемия процессинде баштатылган «Коопсуз туризмди сертификаттоо программасынын» негизинде  ишенимдүү жана  ден соолукка пайдалуу туризм кызмат кылууда.

Деңиздин, кумдун, күндүн, кооз булуңдардын, кеме турларынын ырахаты болгон Анталияга 1 -  январь жана 13 -  сентябрь айларында 2 миллион 3 946 турист келди. Эпидемия мезгилинде турист санынын 2 миллиондон ашышы тармакка оң салым кошту.

Шаарга 13 -  сентябрга чейин эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Россия 703 463 турист менен биринчи, 354 518 турист менен Украина экинчи, 239 673 турист менен Германия үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар