Анталья аэропорту эки айда 2 миллион 342 миңден ашуун жүргүнчүгө кызмат көрсөттү

Анталия аэропортунда жандуулук башталды.

1484779
Анталья аэропорту эки айда 2 миллион 342 миңден ашуун жүргүнчүгө кызмат көрсөттү

Коопсуз эс алуунун алмаштырылгыс даректеринин бири болгон Анталиядагы аэропорт, июль жана август айларында 31 өлкөдөн 117 багытта 2 миллион 342 миң 959 жүргүнчүгө кызмат көрсөттү.

Туризм сезонунун башталышы менен Анталия аэропортунда тыгыздык башталды.

Туризм сезону кайрадан жандана баштаган Анталия, "коопсуз жана ишенимдүү эс алуу" темасында август айында 798 миң 524 туристтин дареги болду.

Шаардын аэропортунда июль жана август айларында тышкы каттамдарда 11 миң 247, ички каттамдарда болсо 4 миң 777 болуп жалпысынан 16 миң 24 учак конуп учту.

Аэропортто 31 өлкө жана 117 багытта 1 миллион 727 миң 118и эл аралык каттамдарда болуп жалпысынан 2 миллион 342 миң 959 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү.

Буга чейин Россиянын 7 шаарынан Анталияга учуулар жүргүзүлсө, учурда бул сан 16га көбөйдү. Август айында башталган жандуулук жыл аягына чейин уланат деп божомолдонууда.



Тектеш кабарлар