Түрк аба жолдору арзан баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

Түрк аба жолдорунан жаңы акция...

1278785
Түрк аба жолдору арзан баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

Түрк аба жолдору Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрүнө саякат кыла турчу жүргүнчүлөрү үчүн арзандатуу акциясын баштады.

Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрүндө түрк жарандары үчүн виза же паспорт талап кылынбаган бир канча жерге арзан баада учуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Саналуу орундук үчүн камсыздалган бул акциядан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр 30-сентябрдан 14-октябрга чейин сатып ала турган билеттери менен 21-октябрдан 2020-жылдын 31-мартына чейин толук акысы 119 доллардан башталган баада саякат кыла алышат.

Түрк аба жолдору менен саякат кыла турчу түрк жарандары Балкан өлкөлөрүндө Белград, Кишинев, Подгорица, Приштина, Сараево, Скопье; ал эми Кавказ өлкөлөрүндө Баку, Гянджа жана Нахчиван шаарларына визасыз, Украинага жана Кавказ өлкөрүндө Батуми менен Тбилиси шаарларына болсо паспортсуз ID-карта менен кире алышат.

Түрк аба жолдорунун расмий интернет баракчасында жарыяланган бул баанын билет сатуу офистеринде өзгөрүшү мүмкүн экени билдирилди.



Тектеш кабарлар