Балдын экспортунан 12 миллион долларлык киреше түштү
Түрк балы, дүйнөнүн төрт тарабына экспорттолду.
Түрк балы, жылдын январь-июль айларынын аралыгында дүйнөнүн төрт тарабына экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядан жылдын 7 айлык мезгилинде 2 миң 945 тонна бал сатылып андан 12 миллион 857 миң 187 доллар киреше түштү.
Балдын экспортунда Германия биринчи орунду ээледи. Германияга бул мезгилде 3 миллион 721 миң 369 долларлык баага 1 миң 38 тонна бал сатылды.
АКШ 2 миллион 459 миң 724 доллар менен экинчи, Сауд Арабия 2 миллион 6 миң 874 доллар менен үчүнчү, Кувейт 852 миң 418 миң доллар менен төртүнчү жана Австрия да 458 миң 396 долларлык киреше менен бешинчи орунду турат.
Бул мезгилде Кытай, Болгария, Ливия, Швеция, Бириккан Араб Эмирликтери, Босния-Герцеговина, Греция, Монголия, Ооганстан, Сомали жана Мароккого да бал сатылды. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде бул өлкөлөргө экспорт жасалган эмес.