Түркия-Өзбекстан бизнес форуму өттү

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү көбөйдү.

1240906
Түркия-Өзбекстан бизнес форуму өттү

 

Вице-президент Фуат Октай Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмүнүн барган сайын көбөйгөндүгүн белгиледи.

Фуат Октай баш калаа Анкарада Өзбекстандын вице-премьери Эльёр Ганиевдин катышуусунда өткөрүлгөн Түркия-Өзбекстан бизнес форумуна катышты.

Октай Өзбекстан иш дүйнөсү менен түрк иш дүйнөсүнүн мүчөлөрүн жолугуштурган бул жыйындын, эки өлкөнүн карым-катнаштарында жаңы мезгилдин доору болооруна ишенгенин айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн барган сайын көбөйгөндүгүн, 2018-жылы Өзбекстан менен эки тараптуу соода-сатыкта чоң өсүү болгонун билдирген Октай, учурда Түркия Өзбекстандын эң көп экспорт кылган өлкөлөрдүн арасында төртүнчү, импортунда болсо бешинчи орунда турганына көңүл бурду.

Түркиянын экспортунун 2019-жылдын биринчи беш айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5 пайыз өсүп 76,6 миллиард долларга жеткенин белгилеген Октай, чет элдик инвестордун өлкөгө болгон ишеними барган сайын күчтөнүп уланганын белгиледи.

Октай: «Түрк экономикасы АКШ менен Кытайдын ортосундагы туруксуздуктар, Брексит белгисиздиги, Иранга киргизилген каржылык жана соодалык инвестициялар менен дүйнөлүк экономикадагы ыраатсыздыктын көлөкөсүндө, так кадамдардын негизинде экспортун көбөйтүүнү жана тышкы соодасын күчтөндүрүүнү улантып жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар