Анталияга келген турист санында өсүү

Дүйнөнүн негизги туризм жерлеринен Анталияга бул жылдын биринчи үч айында келген чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 25 пайызга өсүп 571 миң 205 болду.

1176518
Анталияга келген турист санында өсүү
antalya turistler.jpg

Дүйнөнүн негизги туризм жерлеринен Анталияга бул жылдын биринчи үч айында келген чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 25 пайызга өсүп 571 миң 205 болду.

Анталия аэропортунун мүлктүк башкармалыгынын маалыматына караганда Анталияга январь айында 139 миң 307, февраль айында 152 миң 801 жана мартта 279 миң 97 чет элдик турист келген.

Келген конокторду келген өлкөлөрүнө карата эсептегенде январь айында 36 миң 887 турист менен Орусия биринчи орунду алды. Орусиядан кийинки орунду 29 миң 596 турист менен Германия алды.

Февраль айында болсо 43 миң 914 менен немистер биринчи орунду алып, 31 миң 499 турист саны менен экинчи орунду Орусия алды.

Январь жана февраль айларында Германиядан келген турист санында 50 пайыздык өсүү болду. Бул мезгилде англис турист санында да өсүү болду.

2018 -  жылдын январь  - март мезгилинде 8 миң 896 англис туристти тосуп алган шаар бул жылы ошол эле мезгилде 14 миң 324 англис туристти тосуп алды.

Польшалык турист саны да бул мезгилде 6 миң 364төн 13 миң 415ке өстү.

Январь  -  март айларында шаарга келген 571 миң 205 турист өлкөлөргө карата бөлүштүрүлгөндө биринчи орунду Германия алды. Бул өлкөдөн кийин экинчиликти Орусия алып андан кийин Британия, Польша жана Иран келди.



Тектеш кабарлар