Газпром-Нафтогаз чыңалуусу

Газпром Нафтогаз компаниясы менен болгон келишимдерин жоет.

922953
Газпром-Нафтогаз чыңалуусу

Орус энергетика компаниясы Газпромдун жетекчисинин орун басары Александр Медведев, Украинанын Нафтогаз компаниясы менен болгон келишимдер үчүн жоюу тартибин баштаткандарын билдирди.

 Журналисттердин суроолоруна жооп берген Медведев: «Газпромдун Эл аралык арбитраждык сотто аты аталган доого байланыштуу кое турган жаңы доо, сөзсүз башка арбитраждык комиссия тарабынан каралат»,-деп айтты.

Медведев, келишимдерди жоюу чечиминин Эл аралык арбитраждык соттун токтомуна байланыштуу экенин баса белгиледи.

Стокгольм борбордуу Эл аралык арбитраждык сот, шаршемби күнү Газпромдун Украинага газ жөнөтүүсүнө байланыштуу жоопкерчиликтерин орундатпаганын айтып, орус компаниясынын Нафтогазга 2 миллиард 56 миң долларлык кун төлөшүнө өкүм чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар