Улуттук тик учар "АТАК" Дубайда таанытылат

ТУСАШ ушул алкакта эки башка аймакта коргонуу базарындагы таасирин арттыруу үчүн ар түрдүү иш-чараларга катышат.

834318
Улуттук тик учар "АТАК" Дубайда таанытылат

Улуттук тик учар "АТАК" Дубайда таанытылат.

Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коому (ТУСАШ/ТАИ) катыша турган эл аралык иш-чарада Азия жана Жакынкы Чыгыш базарына карай күчүн ортого салат.

Фирманын маалыматында ТУСАШ 6-9-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Таиландда Коргоо жана коопсуздук жарманкесине, 12-16-ноябрь күндөрүнүн аралыгында да Дубайдагы Airshow жарманкесине катышат.

ТУСАШ ушул алкакта эки башка аймакта коргонуу базарындагы таасирин арттыруу үчүн ар түрдүү иш-чараларды аткарат.

T129 ATAK тик учары эң көп көңүл бурулган авиациялык күч сынашуулардан бирин өткөргөн Дубайда алгач ирет учуучусун көрсөтөт. T129 ATAK тик учарынын Дубай Airshow жарманкесинин алгачкы 3 күнүндө учуусун көрсөтүшү пландалууда.

Бул мекеме, туруктуу аянтта көрсөтүлө турган АНКА, ХҮРКУШ жана  T625 тик учарлары менен да Дубай Airshow жарманкесине күчтүү түрдө катышат.

TUSAŞтын башкы директору Темел Котил, жарманкенин биринчи күнүндө фирманын шанисинде T129 ATAK тик учарынын учуусун көрсөтүүсүнүн себебинен өтө турган банкетте меймандары менен жолугат.

Фирма, Таиланд коргоо жана коопсуздук жарманкесине болсо АНКА, ХҮРКУШ, Улуттук согуштук учак жана АТАКтын макеттерин алып барат. Коргоо жана авиация секторунда ылдам өскөн Азия базарында атын угузууну максаттап жатат.



Тектеш кабарлар