Компьютер программисттерине кирешелүү жаңы сунуш...

Жарыяга долбоор сунушташ үчүн акыркы күн 2018-жылдын 8-январы экени белгиленди.

824322
Компьютер программисттерине кирешелүү жаңы сунуш...

 

Түркия илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемеси (TÜBİTAK) менен Катардын Билим берүү, илим жана коомду өнөктүрүү фондуна караштуу Катардын улуттук изилдөө фондунун (QNRF) ортосунда «кибердик коопсуздук» тармагында  «Академия-Өнөр жай кызматташтыгы» жарыяланды.

Катардын расмий маалымат агенттигинин (QNA) маалыматына караганда жарыянын угузулушу максатында Дохада өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Катардын билим берүү, илим жана коомду өнөктүрүү фондунун директорунун орун басары Хамед Ибрахим: «Түркия жана Катардын ортосундагы кызматташтык, эки өлкөнүн кибердик коопсуздук тармагында биргелешкен күрөшүүсүнө салым кошот, айрыкча өнөр жай секторундагы өнүгүүлөргө да көңүл бөлүнөт»,-деди.

Ибрахим, бул жарыянын алкагында колдоо алууга укуктуу болгон долбоорлордун 2018-жылдын март айында жарыялана турганын маалымдады.

TÜBİTAKтын төрага орун басары проф.др.Эрол Аржаклыоглу болсо, изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү, окуучуларга стипендия камсыздоо сыяктуу иш-аракеттерди камтыган демилгенин бюджетинин орто эсеп менен 15 миллион түрк лирасы экенин айтты.

Жарыяга долбоор сунушташ үчүн акыркы күн 2018-жылдын 8-январы экени белгиленди.

Жарыянын алкагында чоң көрсөткүч жана булут коопсуздугу менен мобилдик аппараттардын кибердик коркунучтарга каршы күчтөндүрүлүшүн максаттаган технологияны өнүктүрүү сыяктуу темаларда бергелешкен долбоорлордун колдоого алынышын пландайт.

Катар жана Түркия тарабынан изилдөөчүлөрдүн, жеке менчик сектор жана мамлекеттик мекемелер менен чогулуп түзүлө турган консорциумдардын ар бирине 2 миллион доллардын тегерегинде жардам колдоосу көрсөтүлүп, биргелешип иштөөнүн аткарлышы камсыздалат.

Бул демилгенин пайдубалдарынын президент Режеп Таййип Эрдогандын 2015-жылы декабрь айында Катар сапары убагында эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган илимий жана технологиялык кызматташтык келишиминин алкагында түптөлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар