Жашоого эң ыңгайлуу шаар

Дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаар белгилүү болду

791121
Жашоого эң ыңгайлуу шаар

The Economist Intelligence Unit (EIU) тарабынан дүйнөдөгү 140 шаарда жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда, дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаар Австралиянын Мельбурн шаары болду.

Туруктуулук, коопсуздук, инфраструктура, саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү сыяктуу 30 башка тармакка көңүл бурулуп даярдалган тизмеде медицина, билим берүү, инфраструктура жагынан толук баа алган Мельбурн 97,5 балл менен дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаар болуп тандалды.

Тизмеде алдыңкы беш шаар өзгөргөн жок.

Ушундайча дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаарлардын тизмегинде жети жылдан бери биринчи болуп келе жаткан Мельбурндан кийин Вена (Австрия), Ванкувер (Канада), Торонто (Канада) жана Аделаида (Австралия) турат.

Тизмеде Канададан Калгари алтынчы, Австралиядан Перт жетинчи, Жаңы Зеландиядан Окленд сегизинчи, Финляндиядан Хельсинки тогузунчу жана Германиядан Гамбург болсо онунчу орунду ээледи.



Тектеш кабарлар