Германияда кайрадан эмиссия чыр чатагы

Германиянын транспорт министри Добриндт, Porsche Cayenne 3 литрдик TDI моделинде эмиссия көрсөткүчтөрүнүн нормадан төмөн болгонун көрсөткөн мыйзамсыз программа колдонулганын жана 22 миң унааны кайра чогултууга мажбур болгонун билдирди.

779341
Германияда кайрадан эмиссия чыр чатагы

Porsche унаасын чогултуу үчүн кеткен каражаттын 100%ы камсыздала турганын билдирген Добриндт: “Бул унаалар, заманбап эмиссия технологиясы менен жабдылган, мындан улам унаалар техника катары эмиссия лимитине дал келет деп ойлоп жатабыз. Ошондуктан Porscheнин программаларын мыйзамга ылайыкташтыра турганына ишенебиз,” –деген оюн билдирди.

Көп жылдар бою “Германия дисциплинасы” менен таанымал жана дүйнө жүзүндө көптөгөн кардары бар Германиянын негизги автоунаа маркалары акыркы мезгилде күйүүчү отундун эмиссиясына байланыштуу тесттерде нормадан төмөн көрсөткүч көрсөтүп, татаал программалары менен күндүн темасынан түшпөй келет.

Алгачкы эмиссия чыр-чатагы Volkswagen, Audi, Porsche, Bentley, Lamborghini, Seat жана Skoda маркалары орун алган Volkswagen группасы болду. Группа дизель унаалардагы аз эмиссия тест чыр-чатагынан улам узун убакыт бою күндүн темасын ээледи.

Кийин ал программа башка кээ бир Германиянын автоунааларына да колдонулганы аныкталды.



Тектеш кабарлар