Денизлиге ирандык туристтер келе баштады

Бир жылдын ичинде ирандык 20 миң туристтин Түркияга алынып келиниши максатталууда

595982
Денизлиге ирандык туристтер келе баштады

Ирандык 295 туристти ташыган чартердик учак Денизли шаарындагы Чардак атындагы аэропортко конду.

Денизлилик бир туристик компания менен ирандык компаниянын ортосундагы келишим боюнча жүргүзүлгөн алгачкы рейс эми ар жума сайын кеминде 300 кишини ташый турган башка рейстер менен уланат.

Компаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Эмре Сары келишим аркылуу бир жылдын ичинде ирандык 20 миң туристтин Түркияга алып келинишинин максатталганын айтты.

Эмре Сары: «Алдыбыздагы 7 жума бою учактар толгон бойдон келип кетет, орундардын бардыгы сатылып бүттү»,-деди.



Тектеш кабарлар