Орусия менен Түркия ортосунда чартердик каттамдар башталат

Бул тууралуу Орусиянын Премьер-министрлигинен жарыяланды.

560887
Орусия менен Түркия ортосунда чартердик каттамдар башталат

Орус өкмөтү учак кризисинен кийин токтотулган Түркия-Орусия чартердик каттамдарга карай тыюу салууну жойду.

Орусиянын Премьер-министрилигинин жарыясына караганда Премьер-министр Дмитрий Медведев, Түркияга карай чартердик каттамдарды эркин кое берген токтомго кол койду.

Анда Түркияга чартердик каттамдарды жасай турган аба жолу фирмаларынын каттамдарда коопсуздукту камсыздоо максатында кошумча чараларды көрүү сунушталды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин 9-августтагы жолугушуусунда Түркияга карай чартердик каттамдардын кайра башталышы да күн тартипке келген болчу.

 



Тектеш кабарлар