Орус туристтер Түркияга эс алуу үчүн келе башташты

Орус аба жолдору талаптарга жетише албай жатышат

524729
Орус туристтер Түркияга эс алуу үчүн келе башташты

Орусиянын президенти В. Путиндин Түркияга саякат жасоого тыюу  салуусун жойгондон кийин орустар тур операторлору менен байланыша башташты. Орус аба жолдору талаптарга жетише албады.

Тур фирмалары талаптарга жооп берүү үчүн чартердик каттамдарды көбөйтүү үчүн  жетечилерге кайрылыщты.Туристтер жана тур операторлору чартердик каттамдардын ылдам түрдө уюштурулушун талап кылып, түрк аба жолдору фирмаларынын да орус аба фирмаларына учак жардамын берүүсүн суранышты.

Орусиянын транспорт министринин орун басары Валерий Окулов да : «Азыркы учурда жүргүнчүлөр көп болуп жатат. Түркияга жүргүнчү жиберүү үчүн чартердик каттамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылуудабыз»,- деди. Кээ бир орус аба жолу фирмалары да Греция жана Кипрге болгон каттамдарды  жүргүнчүлөр аз болгондуктан токтотуп, бул учактарды Түркияга багыттоого аракет кылганы билдирилди.

Жарандык авиация башкы директорлугу Орусиядан Түркияга карата чартердик каттамдардын эртең башталарын белгиледи. Берилген маалыматта : «Орусиядан Түркияга 7 -  июлдан баштай турган 17 каттамдык чартердик кайрылуусу башкы директорлук тарабынан бекитилди»,- деп айтылды. Орусия менен болгон учак кризисинен улам эки өлкөнүн ортосундагы чартердик каттамдар 2015 -  жылдын  1 -  декабрында токтотулган болчу.



Тектеш кабарлар