Чартердик каттамдарга колдоо

Чартердик каттамдарга бериле турган колдоо 30 пайызга арттырылды

507349
Чартердик каттамдарга колдоо

Түркияда 150дөн ашуун турист алып келген чартердик каттамдарга бериле турган колдоо 30 пайызга арттырылды. Туризмге колдоо берүү үчүн министрлер кеңешинин чыгарган жана расмий гезиттин бүгүнкү санында жарыяланган чечимге караганда 1 -  июнь, 31 -  август күндөрүнүн арасында ар бир каттамында эң аз 150 жүргүнчү алып келген чартердик каттамдарга жети миң сегиз жүз доллар колдоо берилет. Колдоо Антальянын Газипаша, Мугланын Даламан, Бодрумдун Милас, Измирдин Аднан Мендерес Зафер аэропортторуна жасала турган каттамдар үчүн  берилет.



Тектеш кабарлар