Лавров : «Биз буга уруксат бербейбиз»
Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Лавров өлкөсүнө барган Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен борбор шаар Москвада жолугушту.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын НАТОго киришинин кабыл алынгыс экенин белгилеп: «Биз буга уруксат бербейбиз»,-деди.
Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Лавров өлкөсүнө барган Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен борбор шаар Москвада жолугушту.
Жолугушууда Росcия менен Венгриянын ар түрдүү тармактардагы карым - катнаштары жана эл аралык маселелер талкууланды.
Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Лавров Венгрия башкаруусунун өз кызыкчылыктарына ылайык көз карандысыз саясат жүргүзгөндүгүн айтты.
Украина кризисине да токтолгон Лавров бул кризистин чечилиши үчүн негизги себептердин жок кылынышы керектигин белгилеп: «Себептердин бири НАТОнун чыгышты көздөй жылып Украинаны өзүнө тартуу аракети. Бул Россиянын чек араларында аскердик коркунуч жаратууда. Президент Владимир Путин Украинанын НАТОго киришинин кабыл алынгыс экендигин айтты. Биз буга уруксат бербейбиз",- деди.
Сергей Лавров Украинадагы кагылышууларды тоңдуруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу "мунун тынчтыкка алып баруучу жол эмес" экендигин баса белгиледи.
Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүнө баа берген Лавров : «Украина менен өлкөбүздүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын ар тараптуу эске алуу менен сүйлөшүүгө даярбыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Лавров Түркиянын Сирия чек арасындагы коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн айтты
Нетаньяху хуситтерди коркутту
Премьер-министр Нетаньяху Ханукка майрамына байланыштуу X платформасынан билдирүү жасады.