Иран: "Cогушту көздөбөйбүз бирок ар кандай сценарийге даярбыз"
Катардаus Al Jazeera кабар агенттигине маалымат берген Эракчи, Израилдин Иранга ыктымалдуу кол салуусу жана аймактагы акыркы абалдар тууралуу суроолорго жооп берди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи өлкөсү согуштун артынан түшпөгөнүн, бирок ар кандай сценарийге даяр экенин билдирди.
Катардагы Al Jazeera кабар агенттигине маалымат берген Эракчи, Израилдин Иранга ыктымалдуу кол салуусу жана аймактагы акыркы абалдар тууралуу суроолорго жооп берди.
Эракчи: «Аймакта согуш жана чыңалууну күчөтүүнү көздөбөйбүз, бирок ар кандай сценарийге даярбыз. Израилдин кол салуусунун кандай болоорун көрөбүз. Ошого жараша баа беребиз жана реакция кылабыз»,-деди.
Израилдин согушту аймакка жайылтууну көздөгөнүнө көңүл бурган Эракчи: «Аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилге жооп кайтара алат. Каршылык көрсөтүү күчтөрүнө колдоо көрсөтүүбүз саясат жана дипломатия менен гана чектелбейт. Биз аларга эмне керек болсо сунуш кылабыз»,- деп айтты.
Сауд Арабия жана Катарга акыркы сапарларында Газа жана Ливанда тынчтыкты камсыз кылуу маселелерин талкуулагандарын белгилеген ирандык министр: "АКШ менен дипломатиялык каналдар ачык. Башка өлкөлөр аркылуу кыйыр түрдө пикир алмашып турабыз",-деди.