Иракта Жогорку сот кеңеши үч париянын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечимин чыгарды

Ирактын Жогорку сот кеңеши жикчил террордук уюм ПКК менен байланыштуу үч партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жана мал-мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

2172028

Ирактын Жогорку сот кеңеши кабыл алган чечим жергиликтүү басма сөздө жарыяланды.

Ушуга караганда Ирак улуттук коопсуздук кеңешчилигинин талап жана арызы боюнча ПКК террордук уюму менен карым  - катнашынан улам «Езидилер демократ жана эркиндик партиясы», «Демократиялык күрөш фронт партиясы» жана «Тевгера Азади» аттуу партиялардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салынышы жана мал  - мүлкүн конфискациялоо чечими чыгарылды.

Чечимде партиялардын ПКК жикчил террордук уюму менен байланышынын бар экендигине байланыштуу маалыматтардын Ирак Чалгындоо Кызматы менен премьер  - министрлик кеңсесинде да ырасталгандыгы билдирилди.

Ирак өкмөтү  23 -  июлда мамлекеттик мекемелердеги расмий жазышууларда ПКК террордук уюмунун «тыюу салынган уюм» деп аныкталышына буйрук берилген.

Тектеш кабарлар