Индияда каза болгондордун саны
Жетекчилер каза болгондордун саны 194кө жетип, 186 кишинин жаракат алганын, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканын билдиришти.
Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн жер көчкүдөн каза болгондордун саны 194кө жетти.
«Пресс Траст оф Индиа» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, жетекчилер каза болгондордун саны 194кө жетип, 186 кишинин жаракат алганын, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканын билдиришти.
Кералада кечээ катуу жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү жүрүп, инфраструктура жана жолдор олуттуу зыянга учураган. Табигый кырсыктан жапа чеккен Мундакай жана Чооралмал айылдарындагы жүздөгөн үйлөр урап калган.
Индиянын Улуттук конгресс партиясынын төрагасы Малликаржун Харге жер көчкүнү “улуттук апаат” деп сыпаттаган.
Ал арада өлкөнүн түндүгүндөгү Дели, Химачал-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында ашыкча жааган жамгырдан улам 20 адам каза болду. Бул аймактарда көп сандаган киши үчүн издөө-куткаруу иштери башталды.