Кипрдин Рум бөлүгүндө мечитке кол салуу болду

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Лимасол шаарындагы тарыхый Арнавут мечитинин дубалдарына жазуулар жазылганы жана мечиттин талкаланганы айтылды.

2140313
Кипрдин Рум бөлүгүндө мечитке кол салуу болду

Кипрдин Рум бөлүгүнүн Лимасол шаарында мечитке спрей боёк менен кол салуу болду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Лимасол шаарындагы тарыхый Арнавут мечитинин дубалдарына жазуулар жазылганы жана мечиттин талкаланганы айтылды.

Мечитке жасалган кол салуу катуу айыпталган билдирүүдө, «Бул багыттагы кол салуулар түштүктөгү расисттик менталитеттин, түрк жана Исламдын бар болушуна каршылыктын ачык көрүнүшү»,- делди.

Билдирүүдө кол салгандардын тез арада табылып жазаланышы жана мындай кол салуулардын алдын алуу үчүн керектүү чаралардын көрүлүшү керектиги талап кылынды.



Тектеш кабарлар