Израиль армиясы Батыш Шериада бир топ шаар жана аймакка кол салды

Рейд учурунда имараттардын үстүнө чыккан снайперлердин кыймылдагын бардык нерсеге ок атышы менен  3 палестиналык каза болуп,  1 киши жаракат алды.

2140385
Израиль армиясы Батыш Шериада бир топ шаар жана аймакка кол салды

Израиль армиясы оккупациядагы Батыш Шериада бир топ шаар жана аймакта жүргүзгөн рейдде дагы кан төктү.

Рейд учурунда имараттардын үстүнө чыккан снайперлердин кыймылдагын бардык нерсеге ок атышы менен  3 палестиналык каза болуп,  1 киши жаракат алды. 

Израиль аскерлери Батыш Шерианын түрдүү шаарларында рейд жүргүзгөн валюта алмаштыруу пункттарынын ээлерин камакка алышты. Бир тараптан Израиль армиясынын кургактыктан кол салууларын кеңейтүү менен коркуткан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына кошумча бөлүк жибергендиги жарыяланды. 

The Times of Israelдин кабарында Израиль армиясынын Рафахтын чыгышында жайгашкан  162 -  бригадага кошулушу үчүн түнкү сааттарда десанттык бөлүктөрдү жибергендиги белгиленди. 

Израиль армиясы  6 -  майдагы билдирүүсүндө мажбурлоо менен жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рафахтын чыгышындагы айрым маалалардын бошотулушун талап кылган, 7 -  май күнү эрте менен да Газанын Рафах аймагына кургактыктан кол салуу баштатып Египет менен болгон чек ара капкасынын Газа тарабын колго алгандыгын жарыялаган. 

 

 



Тектеш кабарлар