Иранда сел: 7 адам каза болду

Издөө-куткаруу иштери уланууда.

2140335
Иранда сел: 7 адам каза болду

Ирандын Разеви Хорасан провинциясынын Мешхед шаарында жүргөн селден жети киши каза болду.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда, Мешхед шаарында кечээ түштөн кийин жааган жамгырдан кийин жүргөн селде 2 киши унааларында, бир эне менен 4 баласы да үйлөрүнөн чыга албай калып каза тапты.

Резеви Хорасандын Кызыл Жарым Айынын төарагасы Мухсин Закириян, селдин айынан 12 кишинин дайынсыз жоголгондугун айтты.

Мешхедде селден 150 үй жабыркап, кеминде 250 үй-бүлөнүн шаардын коопсуз аймактарына көчүрүлгөнү кабарланды.

Издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар