АКШнын Конгресс имаратында кокаин табылды

2023 - жылдын 2 - июлунда да Ак үйдөн табылган шектүү заттын текшерүүлөрдүн натыйжасында кокаин экени аныкталган.

2140438
АКШнын Конгресс имаратында кокаин табылды

АКШда Конгресс имаратынан кокаин салынган пакет табылды.

Конгресс полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө Конгресс жайгашкан Капитолий Хилл имаратында табылган пакеттеги ак затты аныктоо үчүн жасалган кокаин тестинин оң натыйжа бергени белгиленди.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан пакеттин экинчи кабаттагы көп киши колдонгон коридордон табылганы  айтылды.

Билдирүүдө окуяга байланыштуу тергөөнүн уланып жатканы, бул алкакта пакетти кимдин койгондугун аныктоо үчүн ДНК анализинин жүргүзүлө турганы белгиленди.

2023 - жылдын 2 - июлунда да Ак үйдөн табылган шектүү заттын текшерүүлөрдүн натыйжасында кокаин экени аныкталган.

Жашыруун кызматтын 2022 - жылы Ак үйдөн эки жолу баңгизат тапканы айтылган.



Тектеш кабарлар