Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2134054
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Палестинаны колдоо үчүн АКШда болгон нааразылык акцияларына байланыштуу: «Университеттер акылдуулук менен иш алып барып кырдаалды чечиши керек»,-деп билдирүү жасады.

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Гутерриш АКШдагы университеттердеги Палестинаны колдогон демонстрацияларга полициянын рейддери тууралуу суроого: «Бул сөз эркиндигин жана тынч демонстрацияларды өткөрүү укугун кепилдөө маанилүү»,-деп жооп берди.

Гутерриш бир тараптан жек көрүү сөздөрүнүн кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Өкмөттүк тажрыйбага ээ экенин эске салган Гутерриш: «Университеттер акылдуулук менен иш алып барып кырдаалды чечиши керек»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар