Перуда автобус кулап 23 киши каза болду
Ушундай эле кырсык сентябрда Перуда болуп, 24 адам каза болгон. Январь айында болгон кырсыктан 48 адамдын каза болгону маалымдалган.
2133602
Түштүк Американын өлкөсү Перуда автобус жардан кулап, алгачкы маалыматтарга караганда 23 адам каза болду.
Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Челендинде автобус жардан кулады.
Кажамарка аймагынын прокурору Ольга Бобадилла окуянын катаал жана асфальтсыз жолдо болгондугун, кеминде 23 адамдын өмүрүн алганын билдирди.
Челендинде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Ушундай эле кырсык сентябрда Перуда болуп, 24 адам каза болгон. Январь айында болгон кырсыктан 48 адамдын каза болгону маалымдалган.