Макрондун өзөктүк сунушуна каршы чыгуулар

Макрондун жуманын акырында айматык Ebra телеканалына берген маегинде өзөктүк куралдарды камтыган "Европанын жалпы коргонуусу" пикирин билдирүүсү улуттук эгемендүүлүккө каршы экендиги билдирилди.

2133737
Макрондун өзөктүк сунушуна каршы чыгуулар

Франциянын президенти Еммануэл Макрондун Европа үчүн «өзөктүк кол чатыр» сунушу өлкөсүндө реакция жаратты.
Оппозициячыл саясатчылар президент Макрондун француз өзөктүк баш тарттыруучулугун «Европанын жалпы коргонуусу» үчүн колдонула аларына байланыштуу билдирүүсүнө каршылык көрсөтүштү.

Макрондун жуманын акырында айматык Ebra телеканалына берген маегинде өзөктүк куралдарды камтыган "Европанын жалпы коргонуусу" пикирин билдирүүсү улуттук эгемендүүлүккө каршы экендиги билдирилди.

Солчул Баш ийбес Франция (LFI) партиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Макрондун Франциянын өзөктүк баш тарттыруучулугунун ишенимдүүлүгүнө сокку урганы белгиленди.

Ашыкча оңчулдар да Макрондун Европага карата “өзөктүк кол чатыр” сунушуна каршылык көрсөтүштү. Бул тууралуу Европа Парламентинин депутаты Тьерри Мариани Х социалдык эсебинен Макрондун улуттук коркунуч абалына келгендигин айтып Улуттук биримдик партиясынын лидери Марин Ле Пен француз өзөктүк баш тарттыруучулугунун Европа Биримдиги менен бөлүшүүнү каалаган президентти француздарга жалган айтуу менен айыптады.

Франция Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасында өз өзөтүк куралдарына ээ бир гана өлкө. Француз өкмөтү акыркы мезгилде АКШга жана НАТО чатырына аз көз каранды болгон «Европанын жалпы коргонуусу»  пикирин алдыга чыгаруу.



Тектеш кабарлар