Электрондук тамекинин зыяны

Америка Кошмо Штаттарынын Небраска университетинин окумуштуулары, электрондук тамекилердин жаштарга тийгизген таасирин иликтеген изилдөө жүргүзүштү.

2133796
Электрондук тамекинин зыяны

Электрондук тамеки колдонгон жаштардын заарасынан уран жана коргошун табылды.

Изилдөөлөргө ылайык, күн бою үзгүлтүксүз электрондук тамеки чеккен жаштар денесин потенциалдуу уулуу металлдарга дуушар кылышы мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттарынын Небраска университетинин окумуштуулары, электрондук тамекилердин жаштарга тийгизген таасирин иликтеген изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, күнүнө кеминде 8 жолу электрондук тамеки колдонгондугун билдирген 13- 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн заарасында анда-санда тамеки тарткандарга караганда 30 пайызга көбүрөөк коргошун жана эки эсе көп уран бар экени аныкталды.

Изилдөө эч качан электрондук тамеки колдонбогон жаштардан турган көзөмөл тобун камтыбайт.

Бирок, тамеки чегүүдөн баш тарткан 200 электрондук тамеки колдонуучудан турган изилдөөнүн модели абалдын тынчсыздандырганын көрсөтүүдө.

Ментол же жалбыздын ордуна таттуу электрондук тамекинин даамын жактырган жаштардын арасында урандын көлөмү жогору.



Тектеш кабарлар