БУУ Газадагы жарылбаган бомбалар тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму  көп сандагы жарылбаган бомба коркунучунан улам Газанын "эң коркунучтуу стадиясында" турганын эскертти.

2133798
БУУ Газадагы жарылбаган бомбалар тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму  көп сандагы жарылбаган бомба коркунучунан улам Газанын "эң коркунучтуу стадиясында" турганын эскертти.

БУУнун Миналарга каршы кызматынын (UNMAS) Палестина шефи  Мунго Берч Женевада башталган «Мина менен күрөшүү боюнча улуттук директорлоу жана  БУУнун кеңешчилеринин 27-Эл аралык жолугушуусунун» алкагында баа берди.

Берч 7-октябрдан бери Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газанын көптөгөн жарылбай калган бомба коркунучунан улам «эң коркунучтуу баскычта» экенин эскертти.

Кырсыктардын көпчүлүгүнүн адамдардын Газанын түндүгүнө кайта башташы менен болорун белгилеген Берч : "Анткени жарылбаган бомбалардын кайда экендигин биле алышпайт",- деди. 

БУУнун баш катчысынын Тынчтык операцияларынан жооптуу орун басары Жан-Пьер Лакруа гуманитардык аракеттер жана тобокелдиктер сыяктуу сыяктуу аракеттеринде UNMASтын жанында орун алгандарын белгиледи. 

Лакруа  Газа үчүн гуманитардык ок ​​атышпоонун түзүлүшүнө алдыңкылыктын берилгендигин айтты.  



Тектеш кабарлар