Орусия БУУда космостук куралданууга вето койду

15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Япония тарабынан сунушталган жана Түркиянын биргелешип сунуштаган «Космос мейкиндигин тынчтык максатта пайдалануу» резолюциясынын долбоору добушка коюлду.

2131860
Орусия БУУда космостук куралданууга вето койду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өзөктүк жана массалык кыргын салуучу куралдардын космоско жайгаштырылышына тоскоол боло турган резолюция долбооруна Орусия вето койду.

15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Япония тарабынан сунушталган жана Түркиянын биргелешип сунуштаган «Космос мейкиндигин тынчтык максатта пайдалануу» резолюциясынын долбоору добушка коюлду.

Орусия вето койгон мыйзам долбооруна 13 «макул» жана 1 «калыс» добуш берилди. Кытай добуш берүүдөн баш тартты. Добуш берүү алдында Орусия менен Кытайдын мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушу жетиштүү добуш ала албагандыктан кабыл алынган жок.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия долбоордун тексти «чектелген жана саясий» мазмунга ээ жана бардык мүчөлөрдүн көз карашын чагылдырбаганын жактады. Космоско курал жайгаштырылбашы керектигин белгилеген Небензия ушул себептен өзгөртүүнү талап кылгандарын айтты.

Резолюциянын долбоорунда мүчө өлкөлөрдүн космос мейкиндигин изилдөөлөрүн эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын негизинде жургузуу талап кылынса, космосто жарыша куралданууну болтурбоо учун тынчтык максатта пайдаланууга өз салымын кошуу талап кылынды.

Резолюция долбоорунда мүчө өлкөлөрдүн Космос мейкиндиги келишимин аткарууга милдеттүү экени баса белгиленип, мамлекеттердин космоско ядролук жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайгаштырбашы керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар