Хан-Юнустагы массалык көрүстөндө жаңы сөөктөр, Евробиримдик жана БУУнун чакыруусу...

Палестина Өкмөтүнүн Газадагы басма сөз кызматынын директору Исмаил эс-Севабите жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Насер оорукана комплексиндеги массалык көрүстөндө уланып жаткан издөө иштери тууралуу маалымат берди.

2132006
Хан-Юнустагы массалык көрүстөндө жаңы сөөктөр, Евробиримдик жана БУУнун чакыруусу...

Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынан чыгарылгандан кийин Насер ооруканасынын комплексиндеги үч массалык көрүстөндөн табылган сөөктөрдүн саны 392ге жетти.

Хан Юнустагы жарандык коргонуу бөлүмүнүн директору Йамин Абу Сулейман басма сөз жыйынында Насер ооруканасынын кампусунда массалык көрүстөндөрдү издөө учурунда дагы 58 адамдын сөөгү табылганын билдирди.

Абу Сулейман: «Насер ооруканасынын кампусунда 392 адамдын сөөгүн камтыган 3 массалык көрүстөн аныкталды. Өлүктөрдүн кээ бирлеринде кыйноо жана өлүмдүн белгилери байкалды. Кээ бирлеринин тирүүлөй көмүлгөнүн болжолдоп жатабыз»,-деди.

Издөө иштери тууралуу маалымат берген Абу Сүлейман: «Издөө учурунда балдардын сөөгүнө кез келдик, балдардын денелеринин ооруканадагы массалык көрүстөндөрдөн эмне себептен табылганын азырынча биле элекпиз»,-деп айтты.

Кээ бир сөөктөрдүн таанылбай турганына көңүл бурган Абу Сүлейман : «165 сөөктүн аты-жөнүн аныктоо мүмкүн болгон жок, сөөктөрдү полиэтилен баштыктарга орогон Израиль аскерлери ажыроону ылдамдатып, өздүгүн аныктоону мүмкүн эмес кылды»,-деди.

Абу Сулейман эл аралык коомчулукту «Израилдин Палестина элине кылган кылмыштарын ашкерелөө үчүн адам укугун коргоочу уюмдар менен эл аралык маалымат каражаттарынын аймакка киришине уруксат берүүгө» чакырды.

Жарандык коргонуу тобунан Мухаммед Мугайир: «Насердин ооруканасында табылган сөөктөр кыйноо жана өлүм жазасына тартылган деген шектенүүнү ачыкка чыгарды», - деди.

Табылган сөөктөрдүн Палестина калкы тарабынан көмүлүшү мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Мугайир : «Сөөктөрдү 3 метр тереңдикке көмүү Газа калкынын көмүү ыкмаларына каршы келет»,-деди.

Бир тараптан Европа Биримдиги (ЕБ) Газадагы массалык көрүстөндөр жөнүндөгү кабардын тынчсыздандырганын, бул аймактарда кеңири жана көз карандысыз иликтөөнүн жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Евробиримдик комиссиясынын басма сөз катчысы Питер Стано күнүмдүк басма сөз жыйынында Газадагы массалык көрүстөндөр жөнүндөгү кабардын тынчсыздандырганын айтты.

Сөз болуп жаткан кабардын «адам укуктары тебеленген болушу мүмкүн деген таасир калтырганын» белгилеген Стано, мүрзөлөр жайгашкан аймактарда кеңири жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак да күнүмдүк басма сөз жыйынында бул темада көз карандысыз жана ишенимдүү иликтөөнү талап кылгандарын эске салды.

Хак, кандай иликтөө жүргүзүлө турганы жана тергөөнү ким жүргүзө ала турганы белгисиз экенин, бирок Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (WHO), Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) жана БУУнун Координациялык Бюросунун гуманитардык маселелер боюнча (OCHA) талаада экенине ишаарат кылды



Тектеш кабарлар