Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттиги Газага жардам жеткирди

Израиль 2023 -  жылы  7 -  октябрдан бери кол салуулар улантылып жаткан Газада жашаган  2,3 миллион палестиналыкты ачкачылыкка дуушар кылууда.

2131685
Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттиги Газага жардам жеткирди

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттиги Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебалийе качкындар лагерине гуманитардык жардам материалын жеткирди. 

БУУнун Жакынкы чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФтин кызматташуусу менен Газанын түндүгүнө медициналык материал жана суу тазалоого берген колдоосу үчүн коркунучтар менен толгон гуманитардык жардам операциясынын ишке ашырылгандыгы белгиленди. 

Жебалийе качкындар лагерине гуманитардык жардамдардын жеткирилгендиги  айтылган билдирүүдө Газанын бардык аймактарында адамдарды куткаруу үчүн гуманитардык жардамдардын өзөгүн түзгөндүгү белгиленди. 

Билдирүүдө Газа калкынын куткарылышы ок атышпоонун бир гана үмүт экендиги баса белгиленди. 

Израиль 2023 -  жылы  7 -  октябрдан бери кол салуулар улантылып жаткан Газада жашаган  2,3 миллион палестиналыкты ачкачылыкка дуушар кылууда. 

 



Тектеш кабарлар