Түндүк Македония президентин шайлоо үчүн добуш берүүдө

Катталган 1 миллион  814 миң  317  шайлоочу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 00да добуш бере баштаган өлкөдө үкөктөр саат  19:00дө жабылат.

2131421
Түндүк Македония президентин шайлоо үчүн добуш берүүдө

Түндүк Маекеднияда шайлоочулар президентти шайлоо үчүн добуш берүүдө.

Катталган 1 миллион  814 миң  317  шайлоочу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 00да добуш бере баштаган өлкөдө үкөктөр саат  19:00дө жабылат.

Шайлоочулар жалпы өлкөдө  3 миң  480 округда добуш беришет.

Шайлоонун негизинде абактагылар, өлкө тышында жашагандар, майыптар жана бейтаптар кечээ добуш беришти.

Шайлоодо араларында учурдагы президент Стево Пендаровский жана тышкы иштер министри Бужар Османи, ошондой эле Гордана Силжановска Давкова, Стивчо Жакимовски, Бильяна Ванковска Цветковска, Арбен Тарави жана Максим Димитриевски болгон  7 талапкер ат салышууда.

Түндүк Македониянын мурдагы аты мененМакедония катары  1991 -  жылы 8  - сентябрда Югославиядан бөлүнүп көз карандысыздыгын жарыялагандан бери 7 -  жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоодо беш жылдык мөөнөт менен жаңы президент шайланат.

Талапкерлердин бири  биринчи айлампада  50 пайыздан ашык добуш ала албаса эң көп добуш алган эки талапкер 8 -  майда боло турган экинчи турда жарышат. Өлкөдө өзгөчө  8 -  майда парламенттик шайлоо да өткөрүлөт.

Конституция боюнча экинчи айлампанын жарактуу болушу үчүн  катышуу  40 пайыздан жогору болушу керек.

 



Тектеш кабарлар