Сергей Шойгу Украина армиясынын алдыдагы жумаларда чабуулдарын күчөтөрүн айтты

Согушту Изилдөө Институту (ISW) орус күчтөрүнүн АКШнын  жаңы мыйзам долбоору менен Украинага колдоо көрсөтүү аракетине жооп катары учкучсуз учуучу аппараттар жана   ракеталык чабуулдарын күчөтөрүн ойлоп жатат.

2131563
Сергей Шойгу Украина армиясынын алдыдагы жумаларда чабуулдарын күчөтөрүн айтты

Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Украина армиясынын логистикалык структурага зыян келтирүү үчүн алдыдагы жумаларда чабуулдарды күчөтөрүн айтты.

Согушту Изилдөө Институту (ISW) орус күчтөрүнүн АКШнын  жаңы мыйзам долбоору менен Украинага колдоо көрсөтүү аракетине жооп катары учкучсуз учуучу аппараттар жана   ракеталык чабуулдарын күчөтөрүн ойлоодо.

Аскердик адистер Шойгунун Украинанын логистикасына  басым жасоо менен транспорт линиялары жана курал кампаларын айтып жаткандыгын  ойлоодо.  Жакынкы апталарда орус армиясы чабуул операцияларын күчөтүп, Американын жардамы келгенге чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн физикалык алсыздыгынан пайдаланууга аракет кылат.

Шойгу билдирүүсүндө  операциялардын  Часова  - Яр, Авдеевканын батышы жана Донецктин батыш жана түштүк  - батышын камтыгандыгын жарыялады.

19 - апрелде орус армиясы Украинанын Днепропетровск облусундагы транспорттук инфраструктурага күчтүү сокку урду. Бул жана ушуга окшогон чабуулдар Украинанын байланыш линияларын үзүү үчүн жакынкы апталарда кайталанышы жана кеңейтилиши мүмкүн.

Адистердин билдиргенине караганда Россия Федерациясынын аскердик башкаруусу ушундайча Украинанын фронттун орчундуу  аймактарында аскерлерин жайгаштыруу жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөө, армиянын Американын жардамы менен бирге ыктымалдуу күчтөнүшүн кечеңдетүү ниетинде.

 

 

 



Тектеш кабарлар