Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов 23 - июнга чейин камакта болот

Россиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматынынн кечээ берилген маалыматында Ивановдун паракордукка шектелүү менен камакка алынгандыгы билдирилген.

2131503
Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов 23 -  июнга чейин камакта болот

Россияда паракордукка шектелип камакка алынган коргоо министринин орун басары Тимур Ивановдун тергөө процессинде сактык максатында  камакта  калуу  чечими чыгарылды. 

Москва шаардык сотунун басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда борбор шаар Москвадагы Басманный аймактык соту паракордукка шектелип камалган Ивановду тергөө органдарынын талабы боюнча коргоо чарасы катары 23 -  июнга чейин камакта болушуна чечим чыгарды. 

Ивановдун коргоо министрлигине  караштуу мекемелердин курулушу жана оңдоо иштери тууралуу долбоорлорду башкаргандыгы белгиленди. Министрдин орун басары Ивановдун кылмыш өнөктөшү экендиги айтылган Сергей Бородин үчүн да  23 -  июнга чейин камакта калуу чечими чыгарылды.

Россиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматынынн кечээ берилген маалыматында Ивановдун паракордукка шектелүү менен камакка алынгандыгы билдирилген.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков да бул тууралуу журналисттерге маалымат берип, Ивановдун камакка алынышы тууралуу Владимир Путинге маалымат берилгендигин, коргоо министри Сергей Шойгунун да маалымат алгандыгын айтты.Иванов  2026 - жылы  май айында  Путин кол койгон жарлык менен коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. 

 



Тектеш кабарлар