Россиянын батышына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болду

Россия Федерациясынын Воронеж, Смоленск жана Липецк аймактарынын башкаруучулары  "Украина дрондорунун атып түшүрүлүшү, эвакуация жана өрт"  боюнча экскертти.

2131605

Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин  Telegram каналынан Украинанын учкучсуз учуучу аппараттарынын  ​​кол салууларына дуушар болгондорун жарыялады. Анохин  «Душмандын энергетикалык объектилериндеги жарандык структураларга чабуулунун натыйжасында Смоленск жана Ярцевский райондорунда өрт чыкты», - деп кошумчалады. 

Липецк губернатору Игорь Артамонов да  Telegram каналынан учкучсуз учуучу аппаратынын өнөр жай объектисинин үстүнө кулап түшкөнүн жазды. Артамонов  жакын жерлердеги  үйлөрдө жашагандарды алдын алуу максатында эвакуациялангандыгын, окуяда эч кимдин жабыркабагандыгын кошумчалады.

Воронеждеги мунай заводунда чыккан өрт боюнча  расмий билдирүү берилген жок,  бирок социалдык тармактарда күбөлөр жарыялаган видеолор тарап жатат. Кийинчерээк облустук акимчилик 4 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлүп, менчик имараттан өрт чыкканын кабарлады.

Тектеш кабарлар