Коронавирус инфекциясын ташыган кишиде жаңы бир вариант пайда болду

Нидерландиядагы Амстердам университетинин медициналык борборунун жугуштуу оорулар боюнча адистери тарабынан билдирилген бейтап, 72 жаштагы адам Ковид  -19 вирусун 613 күн бою алып жүргөн.

2131460

Азыркы учурда жашабаган бейтаптын иммундук системасы алсыз болгондуктан, бир нече жолу алган вакцина аны коргой алган эмес.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында коронавирустун денеде болуу мөөнөтү абдан узун болгондуктан вирус иммунитеттен качкан жаңы бир вируска айланды.

Амстердам университетинин медициналык борборунун студенти Магда Вергуве: "Бул бейтапта SARS-CoV-2 (Covid-19) инфекциясынын мөөнөтү узун бирок иммундук системасы алсыз бейтаптарда  узак мөөнөттүү инфекциялар көп кездешет",- деди.

Иммундук системасы алсыз болгон кишилер үч жолу вакцина алса да Ковид  - 19ду жуктуу коркунучу абдан жогору жана ооруканага жаткырылуу ыктымалы 13 эсе дагы көп.

Вергуве  жана командасы бул тууралуу 2024  Европа клиникалык микробиология жана инфекция ооруларынын глобалдык конгрессине билдирет.

Тектеш кабарлар