Конгодо мпокс эпидемиясы жарыяланды

Саламаттыкты сактоо министри Гильберт Мококи билдирүүсүндө өлкөдө  19 мпохс бейтабынын  катталышы менен эпидемия жарыялангандыгын маалымдады.

2131681
Конгодо  мпокс эпидемиясы жарыяланды

Конго Республикасынын борбор шаары Браззавиль менен бирге  5 аймакта М чечеги (МПОКС) оорусу аныкталгандан кийин эпидемия жарыяланды.

Саламаттыкты сактоо министри Гильберт Мококи билдирүүсүндө өлкөдө  19 мпохс бейтабынын  катталышы менен эпидемия жарыялангандыгын маалымдады.

Ушул кезге чейин өлүм окуясынын болбогондугун баса белгилеген Мококи элди шектүү бейтаптардан жана жаныбарларга жакын болуудан алыс болууга чакырды.

Эндемикалык вирус менен шартталган сейрек кездешүүчү оорулардын бири катары белгилүү болгон мпокс эки түргө бөлүнөт: Конго жана Батыш Африка түрлөрү.

Көбүнчө жаныбардан адамга, сейрек болсо да адамдан адамга жуккан вирус денеде ысып, жогорку температура жана кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  2023 -  жылы  28 -  ноябрда стигма жана расизмге байланыштуу кооптонууларга таянып, вирус "маймыл чечеги" ордуна "мпокс" деп аталганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар