Израиль Ливанга кол салды
NNAнын кабарына караганда Израиль армиясына таандык аскердик учактар Ливандын түштүгүндөгү 4 жерди кеминде 13 жолу атты.
2131585
Израиль армиясы Ливандын түштүгүнө карата катуу кол салуу баштатты.
Ливандын расмий маалымат агенттиги NNAнын кабарына караганда Израиль армиясына таандык аскердик учактар Ливандын түштүгүндөгү 4 жерди кеминде 13 жолу атты.
Израилдин аскердик учактары бутага алган аймактардын Ливандын түштүгүндөгү Аята еш - Шааб, Рамая, Жебел Болат жана Хале Верде экендиги билдирилди.