Индия ракетасын сынады
Индиянын Коргоо министрлиги, Crystal Maze-2нин сыноо учуусунун ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.
2131321
Индия 250 километр аралыкка учуучу Crystal Maze-2 баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынады.
Индиянын Коргоо министрлиги, Crystal Maze-2нин сыноо учуусунун ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.
Министрликтин билдирүүсүндө, аталган орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетанын сыналышынын анын операциялык жөндөмдүүлүгүн далилдегени белгиленди.
Индиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Бхарат Бхушан Бабу болсо X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Бул сыноо, операциялык даярдыкты баса белгилейт жана технологиядагы жетишкендиктерди көрсөтөт»,- деди.
Индия 4-апрелде да өзүнүн жаңы муундагы "Agni Prime" баллистикалык ракетасынын учуу сыноосунун ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган.