Ямайка Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды

Смит кечээ Министрлер Кеңешинин жыйынынан кийин Палестинаны мамлекет катары расмий таануу чечимине келгендерин айтты.

2131369
Ямайка Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды

Ямайка Палестинаны мамлекет катары расмий тааныганын жарыялады.

Ямайканын тышкы иштер жана тышкы соода министри Камина Жонсон Смит маалымат жыйынында, «Ямайка узак жылдардан бери уланып келе жаткан (Израиль менен Палестинанын ортосундагы) чыр-чатакты чечүүнүн бирден-бир алгылыктуу варианты катары эки мамлекеттүү чечимди жактап келет» деп билдирди.

Смит кечээ Министрлер Кеңешинин жыйынынан кийин Палестинаны мамлекет катары расмий таануу чечимине келгендерин айтты.

Чыңалууну басаңдатуу жана аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн бардык аракеттерди колдоону улантышарын маалымдаган Смит, тараптарды маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Барбадос бийлиги да 20-апрелде Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин кабыл алган.



Тектеш кабарлар