Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө

Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.

2131521
Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө

Франциянын борбор шаары Парижде 2024-жылкы Париж Олимпиадасы үчүн саналуу күндөр калганда, өлкөдө денге ысытмасынын көбөйүшү тынчсызданууну жаратты.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо башкы башкармалыгынын директору доктор Грегори Эмери, 1-январдан бери денге ысытмасынын 1679 учуру катталганын жана былтыркыга салыштырмалуу бейтаптардын санынын «рекорддук деңгээлге» көбөйгөнүн билдирди.

Эмери оорунун көбүнчө Түштүк Америкадан жана Франциянын Карибдеги жерлеринен өлкөгө кирген жүргүнчүлөрдөн байкалганын айтты.

Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.

2024-жылы Париж Олимпиадасы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Тропикалык жана субтропикалык аймактарда катталган денге ысытмасынын вирусу чиркейлер аркылуу адамдарга жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температураны пайда кылган оору кээ бир учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар