Фанатик жөөттөр Чыгыш Кудустун Эски шаарындагы Месжид-и Аксанын короосуна кирип барышты

Харем-и Ибрахим мечити фондунун директору Мутез Эбу Сунейне : «Баскынчы Израиль бийликтери Пасах (Пасах) майрамынан улам бүгүн жана эртең Харем-и Ибрахим мечитин жапты»,-деди.

2131602
Фанатик жөөттөр Чыгыш Кудустун Эски шаарындагы Месжид-и Аксанын короосуна кирип барышты

Жүздөгөн фанат жөөт Израиль полициясынын коргоосу менен басып алынган Чыгыш Кудстун Эски шаарындагы Месжид-и Аксанын короосуна кирди.

Кудс Ислам Фонддор Башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 420 фанат жөөттүн Месжид-и Аксанын түштүк батышындагы Аль-Магариба (Марокко) дарбазасынан Харам аль-Шарифке кол салганы белгиленди.

Билдирүүдө Израиль полициясынын коргоосу астындагы жөөт тобунун Харам аль-Шарифтин короолорун кыдырып чыккандан кийин Месжид-и Аксадан чыкканы белгиленди.

Мындай кыдыруулар түштөн кийин дагы улана турганы айтылды.

Фанатик жөөттөрдүн Харам аль-Шарифке жасаган мындай рейддери аймактагы чыңалуунун күчөшүнө себеп болууда.

Бир тараптан Израиль басып алган Батыш Шериадагы Эл Халил шаарындагы Харем-и Ибрахим мечитине мусулмандарга эки күн (шаршемби-бейшемби) кирүүгө тыюу салды.

Харем-и Ибрахим мечити фондунун директору Мутез Эбу Сунейне : «Баскынчы Израиль бийликтери Пасах (Пасах) майрамынан улам бүгүн жана эртең Харем-и Ибрахим мечитин жапты»,-деди.

Абу Сунейне Израилдин Харем-и Ибрахим мечитин мусулмандарга жапкандан кийин бардык бөлүмдөрүн жөөттөр үчүн ачканын айтты.

Фанатик жөөттөрдүн 22-апрелде башталып, 30-апрелдин кечине чейин улана турган Пасах майрамынан улам Месжид-и Аксага басып кирип барууларын көбөйтүүсү күтүлүүдө.

Израиль менен Иорданиянын ортосунда 1994-жылдын 26-октябрында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, Месжид-и Акса Иорданиянын Фонддор, исламий иштер жана ыйык иштер министрлигине караштуу Кудс Исламий Фонддор Башкармалыгынын карамагында.

Бирок 2003-жылдан бери жөөттөр Израилдин бир тараптуу чечими менен администрациянын уруксатысыз, полициянын коштоосунда ыйык ийбадатканага кирип келишкен.

Бул басып кирүүсүн тинтүү катары сыпаттаган Кудс Ислам фонддор башкармалыгы, мусулмандардын эгемендүүлүгүнүн бузулганына басым жасоодо.



Тектеш кабарлар