АКШдан ирандык компания жана кишилерге санкция

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси (OFAC) билдирүү жасады.

2131469
АКШдан ирандык компания жана кишилерге санкция

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) ирандык 2 фирма менен 4 ирандыкка өлкөдөгү компания жана мамлекеттик мекемелерге кибер чабуул жасаган деген негиз менен санкция киргизди.

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсесинин (OFAC) билдирүүсүндө, АКШдагы бир катар компаниялар менен мамлекеттик мекемелердин кибер чабуулдардын бутасы болгону, бул кибер чабуулдарды Иран Революциялык сакчылары армиясы-Киберэлектроника Командирлигинин (IRGC-CEC) атынан жасаган деген жүйө менен 2 ирандык компания жана 4 ирандыкка каршы санкция чечими кабыл алынганы кабарланды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер аталган чечимге байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, министрликтин санкция чечимин 4 киши үчүн даярдалган айыптоо корутундусу менен бирге кабыл алганын белгилеп, «IRGC-CEC, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү мекемелерге каршы кибер чабуулдардан жооптуу Ирандын өкмөттүк уюму болуп саналат»,-деп айтылды.

АКШнын зыяндуу кибер кол салууларды ачыкка чыгаруу жана жооптууларды жазалоо үчүн аракетин уланта турганын баса белгилеген Миллер: «АКШ өлкө фирмаларын бутага алган кибер чабуулдарга жол бербейт»,-деди.

Ошол эле учурда OFACтин билдирүүсүндө, тиешелүү фирмалардын жана кишилердин ысымдары бөлүшүлүп, тизмедеги ысымдардын АКШдагы мүлктөрүнө да бөгөт коюлганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар