АКШдагы митингде 100дөн ашуун киши камакка алынды

АКШ сенаты Израилге миллиард долларлык жардам пакетин бекиткенден кийин араларында еврей активисттер да болгон топ сенатор Чак Шумердин Нью-Йорктогу үйүнүн алдында чогулду.

2131555
АКШдагы митингде  100дөн ашуун киши камакка алынды

АКШнын Израилди колдоосу жана бул өлкөгө курал сатуусуна каршы чыккан бир топ Нью  -  Йорк шаарында бир сенатордун үйүнүн алдында митинг өткөрдү. 100дөн ашуун киши камакка алынды.

АКШ сенаты Израилге миллиард долларлык жардам пакетин бекиткенден кийин араларында еврей активисттер да болгон топ сенатор Чак Шумердин Нью-Йорктогу үйүнүн алдында чогулду.

«Дароо ок атышууну токтотуу» жана "Израилге курал сатууну токтот" деп жазылган футболкаларды кийген катышуучулар сенатор Шумерди Израилге курал сатпоо үчүн кадам таштоого чакырды жана Нью -  Йорк проспектилерин унааларга жабышты.

Полиция болсо митингге чыккандардын жолду унааларга ачпашы менен  100дөн ашуун кишини камакка алды.

АКШ сенаты ичинде Украинага  61 жана  Израилге  26 миллиард долларлык аскердик жардам орун алган жалпы  95 миллиард долларлык жардам пакетин бекитип Ак үйгө жиберген.

 



Тектеш кабарлар