АКШда Газадагы массалык көрүстөндөр тууралуу "тынчсыздандыруучу" деп билдирди

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Ведант Пател күнүмдүк брифингде Газадагы акыркы абал жана Хан Юнуста ортого чыккан массалык көрүстөндөр тууралуу билдирди.

2131197
АКШда Газадагы массалык көрүстөндөр тууралуу "тынчсыздандыруучу" деп билдирди

АКШ Израилдин кол салуусу астындагы Газада массалык көрүстөндөр тууралуу көрүнүштөрдүн "тынчсыздандыруучу" экендигин айтты. 

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчы орун басары Ведант Пател күнүмдүк брифингде Газадагы акыркы абал жана Хан Юнуста ортого чыккан массалык көрүстөндөр тууралуу билдирди. 

Пател 300дөн ашуун палестиналык  көмүлгөн массалык көрүстөн тууралуу АКШнын Израиль менен кандай процесс жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу суроого : "Тель Авив менен жакын байланыштабыз",- деп жооп берди. 

"Бул тууралуу кабарларды көрдүк жана Израиль өкмөтүнөн дагы көп маалымат  талап кылдык",- деген Пател  : "Израиль өкмөтүнүн ишенимдүү булак экенине жана бул маселе боюнча бизди маалыматтандырарына ишенесизби?", - деген суроого : “Ооба, ишенебиз”,- деп жооп берди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Жон Кирби да сөз болуп жаткан кабарды көргөнүн жана бул темада дароо Израиль тарап менен байланышка чыккандарын айтты.

Израиль армиясы бир нече айга созулган кол салуу жана оккупациядан кийин чегинген Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында массалык көрүстөндөр ачылды.

Израилге шартсыз колдоосун уланткан АКШ башкаруусу, сөз болгон массалык көрүстөндөрдүн көз карандысыз иликтөөсүнө каршы чыгып, Израиль башкаруучулугунун бул темада жүргүзгөн иликтөөлөрүн кабыл ала тургандыгын билдирген.

 



Тектеш кабарлар