АКШ-Замбия саммити

Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында, Замбияда 22-апрелде башталып 26-апрелге чейин улана турган аскердик саммит тууралуу маалымат берди.

2131228
АКШ-Замбия саммити

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) Замбия менен жаңы өнөктөштүк келишимине кол кое тургандыктарын билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында, Замбияда 22-апрелде башталып 26-апрелге чейин улана турган аскердик саммит тууралуу маалымат берди.

Саммиттин АКШ менен Замбиядан тышкары Африка жана Европадан 40 кургактык күчтөрүнүн командирин жолугуштурганына көңүл бурган Райдер, академиялык лидерлердин да катышуусунда кызматташтыкка негизделген чечимдерди талкуулоо жана өнүктүрүү үчүн аракет кылынганын айтты.

Райдер «Трансулуттук көйгөйлөргө аймактык чечимдер» темасындагы саммиттин аягында АКШ менен Замбиянын ортосунда жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюла турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар