АКШ : Украинанын абалы начарлап баратат

Ак үй (Россия  -  Украина) кагылышуу линиясында кырдаалдын курч экендигин, Украинанын кыйын мезгилден өткөндүгүн билдирди.

2131619
АКШ : Украинанын абалы начарлап баратат

Ак үй (Россия  -  Украина) кагылышуу линиясында кырдаалдын курч экендигин, Украинанын кыйын мезгилден өткөндүгүн билдирди. 

Маалыматты берген Улуттук Коопсуздук Кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби  билдирүү жасап, орус армиясынын акырындык менен алдыга жылып бараткан Донбасстагы абалга көңүлдөрдү бурду. Кирби өзгөчө абалдын бул деңгээлге жетишинин себебинин АКШнын алты айдан бери жардам пакетин беките албаганы экендигин баса белгиледи.

Кирбинин айтымында, Вашингтон Украинага эң керектүү курал-жарактарды мүмкүн болушунча тез арада алышы үчүн болгон күчүн жумшайт. Эң чоң муктаждык: ок-дарылар жана абадан коргонуу системалары. Киев март айынан бери союздаштарынан абадан коргонуу системасы  "Патриотторду"  талап кылууда,  бирок ушул кезге чейин  Германия гана өз колундагы  "Патриотторду" жиберүүгө убада берди. 

Кирби ошондой эле АКШнын Украина жана Россиянын агрессиясына каршы узак мөөнөттүү стратегиянын үстүндө иштеп жаткандыгын  айтты.

АКШ жакынкы аралыкта Киевге 1 миллиард долларлык чукул жардам жөнөтөрүн Рейтер агенттиги кабарлады. Агенттиктин маалыматына караганда, президент Жо Байден өзгөчө  Украинага  Пентагондун өз кампаларындагы куралдардан да жиберүү ниетинде. 

Американын жардамынын бекитилиши менен Россия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуулун күчөттү. Коргоо министри Сергей Шойгу 23 - апрелдеги чабуулдарынын бутасы Украинанын логистикалык инфраструктурасы экендигин айткан.

 



Тектеш кабарлар