Зеленский менен Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен өлкөсүнө жардам долбоорунун бекитилишинен кийин бериле турган биринчи коргонуу пакети тууралуу сүйлөштү.

2131038
Зеленский менен Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен өлкөсүнө жардам долбоорунун бекитилишинен кийин бериле турган биринчи коргонуу пакети тууралуу сүйлөштү.

Зеленский социалдык  медиа эсебинен берген билдирүүсүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын Украина үчүн жардам пакетин бекиткенден кийин президент Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Байдендин сенат тарабынан кабыл алына турган болсо  мыйзамга дароо кол койоруна ишендиргенин белгилеген Зеленский : «Жо Байденге Украинага көрсөткөн чексиз колдоосу жана чыныгы дүйнөлүк лидерлиги үчүн ыраазымын»,-деди.

Зеленский Байденге Россиянын миңдеген ракета, учкучсуз учуучу аппараты жана бомба менен Украинага жасаган абадан кол салуулары тууралуу маалымат бергендигин белгиледи.

Сүйлөшүүдө АКШнын Украина үчүн жардам мыйзамынын бекитилишинен кийин  бере турган биринчи коргонуу пакети тууралуу сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Зеленский Байденден бул пакеттин ылдам жана күчтүү болоруна, узун аралыктуу жана артиллериялык жөндөмдүүлүктөрүн бекемдей тургандыгына байланыштуу ишеним алгандыгын баса белгиледи.

Украинанын лидери сүйлөшүүдө эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюу жана өткөрүлө турган тынчтык саммитине даярдык темаларын талкуулашкнадарын да айтты.

 



Тектеш кабарлар